• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Мадина» базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. «Мадина» базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Мындай чечим Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тергөөчүнүн арызы канааттандырылып, Салимовго карата буга чейин кабыл алынган камакка алуу баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо жөнүндө тил катка өзгөртүлдү.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Мадина" базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовду былтыр октябрь айында кармап, ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүндө, 267-беренесинин 2-бөлүмүндө жана 37-беренесинин - 122- беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 18-пункттарында каралган кылмыштардын негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.Асанбек жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан опузалап жана рейдерлик жолу менен басып алуусунун натыйжасында алынган мүлктөрдү жана активдерди мыйзамдаштырууга катышкан жана башка оор, өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар бул кылмыштуу топтун 20дан ашык активдүү мүчөлөрү жана лидерлери кармалган.

Жогорудагы адамдардын арасында жаран Т.Салимов дагы бар, ал мурдагы жана азыркы криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен узак убакыт бою тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык байлыктарын тынымсыз көбөйтүп, алардын топторунун жашоо шартына колдоо көрсөтүп келген.

Пикир

Оставить комментарий