• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МАГАТЭ Кыргызстандын онкологиялык ооруларга каршы күрөшүн колдоого даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Австрия Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) биздин өлкөнүн онкологиялык ооруларга каршы күрөшүн колдоого даяр. Бул тууралуу КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана МАГАТЭ башчысы Рафаэль Мариано Гроссинин эки жактуу жолугушуусунда маалым болду. Анда техникалык кызматташууну чыңдоо боюнча келечектүү кадамдар талкууланды.

КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушуу КР вице-премьери Ж.Разаковдун Австрия Республикасына болгон иш сапарынын учурунда орун алган.

Иш сапардын алкагында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Австрия Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башкы конференциясынын экинчи атайын жыйынына катышты. Сессиянын башкы максаты Аргентинанын жаранын МАГАТЭнин башкы директору кызматына дайындоо болуп саналат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, Кыргыз Республикасы үчүн агенттик маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири катары, мамлекет алакаларды мындан аркы жакындаштырууга өзгөчө маани берет.

Ал өлкөгө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, техникалык иштешүү радиациялык жана ядролук коопсуздукту бекемдөө, республика калкына ядролук медицина чөйрөсүндө көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана уран калдыктарынын маселелерин чечүү үчүн кызмат өтөй турганын белгилеп, бул мамлекеттин артыкчылыктуу тапшырмаларынын бири экенин айтты.

Өз кезегинде, Рафаэль Мариано Гросси агенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өзүнүн мандатынын алкагында кызматташууну улантарын белгиледи.

Тараптар жолугушуунун соңунда өз ара иштешүү дараметин ишке ашыруу МАГАТЭ жана Кыргыз Республикасынын ортосунда кызматташтыкты жана таасирдүү өнөктөштүктү келечектүү бекемдөө үчүн кызмат өтөй турганына ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий