• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Максат ажы Токтомушев кайрадан муфтий болуп шайланды

Коом 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Кыргызстандын муфтийи болуп Максат ажы Токтомушев шайланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 220 делегаттын бары ага добуш берди.

Муфтийлик кызматка 2 адам талапкер болгон: азыркы муфтий Максат ажы Токтомушев, жана Баткен жана Ош облустарынын мурдагы казысы Ниязалы Арипов.

Эскерте кетсек, өлкөнүн диний лидерин шайлоо бүгүн өттү.

Пикир

Оставить комментарий