• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамэкотехинспекциянын жана “Кыргыз темир жолунун” мурдагы кызматкерлеринин кайрылуулары боюнча арыздар тастыкталды

Коом 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиеванын кайрылуусу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында Мамбеталиева менен эки жолугушуу өтүп, алардын жүрүшүндө Мамлекеттик экотехинспекциянын ишмердүүлүгүндө белгилүү бузуулар бар экендигин алдын ала көрсөткөн керектүү материалдар, арыздар жана видеоматериалдар алынган.

“Бул материалдардын көлөмдүү экенин жана Коопсуздук кеңешинин кызматкерлеринин эле иликтөө, карап чыгуу объектиси боло албай турганын эске алып, президенттин аппаратынын жетекчиси ведомство аралык жумушчу комиссиясын түзүү керектиги тууралуу чечим кабыл алган. Дүйшөмбү күнү бул комиссия түзүлүп, далилдерди карап чыгууга киришти. Биз белгилүү бир убакыттан кийин комиссиянын жыйынтыгын алган соң жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жыйынтыктарды жарыялайбыз”, - деди Сагынбаев.

Анын айтымында, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева уюмдун ишмердүүлүгүндөгү коррупция тууралуу билдирип, фамилияларды санап берген.

Ал Бишкек-Москва, Бишкек-Казань жана Бишкек-Новокузнец темир жол жолдорунун поезддеринде жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү билеттик эмес формада ташылат.

“Алдын ала иш жүргүзүлүп, билетсиз жол жүргөн адамдар табылды. Биздин темир жол поезддерибизде билетсиз адамдар жол жүргөнүнө катыштыгы бар адамдар да аныкталды. Аталган факт боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кылмыш ишин козгоду. Жакында бул кызмат адамдары жана башка кызматкерлер кылмыштык жоопкерчиликке тартылып, аларга тиешелүү күнөөлөр коюлат”, - деди Сагынбаев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын айтымында, жарандар мамлекеттик органдарга коррупцияга каршы кампанияны жүргүзүүгө жардам берүүдө.

“Жакында мындай ачык билдирүүлөр көбүрөөк болот деп ишенем. Биз өз кезегинде ар бир билдирүүгө жооп беребиз”, - деди ал.

Сагынбаев бул бүгүнкү күнгө чейин алардын аракеттери уланат, өздөрү эч кандай жоопкерчилике тартылбайт деп ойлоп жүргөн коррупцияга малынган аткаминерлерге чоң белги экендигин айтты.

“Өнөктөштөр менен кандайдыр бир өз ара мамилелери бар ар бир аткаминер кол астындагы адамдар, шектүү тарап, жабырлануучу тарап менен кызмат көрсөтүүлөр үчүн акча алуу же талап кылуу менен байланышкан маселени козгоо керекпи же кереги жокпу деп бир нече жолу ойлонот", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий