• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамкаттоо калат, бирок өзүнчө министрлик болбойт – Улукбек Марипов

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы калат, бирок өзүнчө министрлик болбойт. Бул тууралуу Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүм, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов билдирди.

Ал Мамкаттоо министрликтердин бирине кошула тургандыгын айтты, бирок кайсыга экендигин ачыктаган жок.

Эл өкүлү Дастан Бекешев МКК Юстиция министрлигине кошулушу мүмкүн экендигин божомолдоду.

Улукбек Марипов калкка кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдардын бири да өз ишмердүүлүктөрдүн токтотпой тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий