• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эки жума аралыгында мектептер кадимки режимге кайтып келиши мүмкүн - Бейшеналиев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммы катталбай турган болсо, эки жума аралыгында мектептер кадимки режимге кайтып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүм, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова онлайн билим берүү качан бүтөрүн, балдардын үй тапшырмаларын азайтуусун айтып, Бейшеналиевге кайрылды.

Министрдин милдетин аткаруучунун айтымында, өлкө аймагындагы мектептер кадимки режимде окуп жатат, ал эми айрым мектептерде 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары салттуу түрдө окуп жатат.

"Бишкек, Өзгөн, Араван, Ош облусунда жана Чүй менен Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде кырдаал кооптуу. Бизге коронавирустун штаммы келбей турган болсо, анда эки жума аралыгында мектептердин баары кадимки тартипте иштей баштайт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий