• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамкурулуш агенттиги: Төрт ай ичинде 252 лицензия берилген

Коом 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик курулуш агенттигинин тескөөчү бөлүмү тарабынан ушул жылдын төрт айында Кыргызстандын аймагында курулуш жүргүзүүгө 252 лицензия берилген. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаары боюнча 145 лицензия, Чүй облусунда – 27, Талас – 5, Ысык-Көл – 9, Ош – 48, Баткен – 2, Жалал-Абад – 14 жана Нарында 2 лицензия берилген.

252 лицензиянын ичинен 246 лицензияны юридикалык жактар, ал эми алтоону жеке ишкерлер алган.

Аталган бөлүм билдиргендей, 176 мекеме лицензияны алгач ирет алса, 76 лицензия ар кайсы себептер менен кайра жаңыртылып алынган.

Лицензия алуу үчүн жалпы 286 арыз келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий