• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамкурулуш: Ош облусунда көп кабаттуу турак үйдүн мыйзамсыз курулуп жаткандыгы аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. Мамкурулуштун Ош облусу боюнча архитектура курулуш көзөмөл башкармалыг тарабынан Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылындагы Курманжан-Датка кѳчѳсүндѳгү 206 дарегиндеги мыйзамсыз көп кабаттуу үйдүн курулушун аныктады. Бул тууралуу Мамкурулуштан кабарлашты.

Белгилей кетсек, «Аль-Шараф» ЖЧКсы бул объект боюнча тийиштүү уруксат берүүчү шаар куруу-архитектуралык документтери жана Мамэкспертизанын оң кортундусу жок курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүлгөн.

Ушуга байланыштуу, Мамкурулуштун архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган зарыл чаралар көргөн жана мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн тийиштүү кызматтарга жана укук коргоо органдарына жиберилген.

Эске салсак, Мамкурулуштун архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы тарабынан жарандардын арыздарынын жана прокуратура органдарынан түшкөн КР мыйзамдарын бузууларды жоюу тууралуу жазма эскертүүлөрүнүн негизинде жүктөлгөн ыйгарым укуктардын алкагында такай иш жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий