• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик ишканалардын активдери 33,4 млрд сомду түздү – ММБА

Экономика 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишканалардын активдери 33,4 млрд сомду түзүп, 2021-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 7,8 млрд сомго көп. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин отчетунда келтирилген.

Документке ылайык, активдердин басымдуу бөлүгү транспорт жана өнөр жай тармагындагы бир нече мамлекеттик ишканаларда топтолгон.

87 мамлекеттик ишкананын 40ы 2022-жылды киреше менен аяктады. Мамлекеттик ишканалардын жалпы кирешеси 23,7 млрд сомду, жалпы чыгашасы 21,3 миллиард сомду, жалпы таза кирешеси 2,5 млрд сомду түздү. Жүгүртүүнүн басымдуу бөлүгү бир нече ишканаларда топтолгон: "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы, "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы, "Манас" ЖМБ, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы, Карабалта алкоголдук заводу, "Көпүрө куруу отряды" мамлекеттик ишканасы.

Таблицадан көрүнүп тургандай, ишканалардын таза пайдасынын 91 проценттен ашыгы ушул алты мамлекеттик ишкананын кирешесинин эсебинен камсыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий