• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Манас" аэропорту кайрадан иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. Кечки саат 17:40 карата "Манас" аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу "Кабарга" аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бардык адамдар аэропорттун ичине кире башташты", - деп айтылат маалыматта.

Бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат тастыкталдыгы же жокбу азырынчак так маалымат жок.

"Бул багытта иш уланууда", - деп кошумчалашты аэропорттун басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, бүгүн болжол менен саат 14:41лер чамасында белгисиз бирөөлөр аэропорттун электрондук почтасына имаратта бомба коюлгандыгы тууралуу кат жөнөтүшкөн. Бардык жүргүнчүлөр жана кызматкерлер сыртка чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий