• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Манасчы, дастанчы жана төкмө акындар бир сахнада. “Манас” театрынын алгачкы концерти өттү

Маданият 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. 21-апрелде Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында салттуу музыка жумалыгынын алкагында Улуттук “Манас” театры алгачкы концертин берди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматта айтылгандай, ага жаңыдан түзүлгөн театрдын өнөрпоздору катышып, сахнада манас, дастан менен бирге ак таңдай төкмө акындар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Концерттин жүрүшүнө мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, белгилүү коомдук маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук катышты.

Иш-чаранын кадырлуу мейманы катары салттуу музыка жумалыгына келген коноктор күбө болду.

Бүйүр кызыткан концерттик программа аншлаг менен өтүп, келген конокторду кайдыгер калтырган жок.

Пикир

Оставить комментарий