• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Манчестер Сити" Англия лигасынын кубогунда "Манчестер Юнайтед" командасын утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Футбол боюнча Англия лигасынын кубогунун жарым финалында "Манчестер Сити" менен "Манчестер Юнайтед" командалары оюн өткөрдү. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Беттеште "Манчестер Сити" 3:1 эсебинде "МЮ" командасын жеңип алды.

Оюндун 17-мүнөтүндө Ситинин оюнчусу Бернарду Силва алгачкы голду киргизди. Андан кийин ошол эле команданын футболчусу Рияд Махрез эсепти 2:0гө өзгөрттү.

"МЮ" клубунун оюнчусу Андреас Перейра оюндун 38-мүнөтүндө өзүнүн дарбазасына гол киргизип алды. Ал эми 2-таймдын 70-мүнөтүндө кызылдардын чабуулчусу Маркус Рашфорд "МЮ" командасына жалгыз голду алып келди.

Эскерте кетсек, эки команданын жооптук беттеши 30-январда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий