• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Непалдын командасы менен оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы "Үч улуттун кубогу" мелдешине катышууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Аталган футболдук беттеш 22-мартта башталып, 30-мартка чейин уланат. Мелдешке Кыргызстандын 23 жашка чейинки футболчулары катышууда. "Үч улуттун кубогуна" Кыргызстан, Непал жана Бангладештин командалары күч сынашууда.

Кыргызстандык футболчулар эртең 25-мартта Непалдын курама командасы менен оюн өткөрөт. Беттеш Бишкектин убактысы менен саат 17:45те башталат.

Эскерте кетсек, кечээ, 23-мартта Кыргызстан Бангладештин курамасына 1:0 эсебине утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий