• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абдибаит уулу Бусурманкул M-1 Global эл аралык компаниясы менен келишим түздү

Спорт 0


Бишкек, 01.12.17 /Тумара Туратбекова –Кабар/. Кыргызстандык Абдибаит уулу Бусурманкул M-1 Global менен узак мөөнөттүү келишим түздү.

Ал мындай чоң уюм менен келишим түзгөн Кыргызстандын биринчи өкүлү.

“Мен эми расмий түрдө “M-1 Global” Кыргызстандагы балбанымын. Келишим 2 жылдын ичинде 6 мушташка. Эң кыйыны алдыда жана мен чоң максаттарга умтулуудамын”,-деп жазат спортчу өзүнүн социалдык баракчасында.

Ал кошумчалагандай, кийинки беттеш 2018-жылдын башында болоору күтүлүүдө.

М-1 Global — эл аралык компания, кесипкөйлөр арасында аралаш мушташ боюнча беттештерди өткөрүп келет.

Пикир

Оставить комментарий