• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия-Тынч океан сурдочемпионаты: Таэквондо боюнча мелдештин биринчи күнү жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия-Тынч океан сурдочемпионатынын таэквондо боюнча мелдештин биринчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештин биринчи күнү кыз-келиндер арасында 46, 47, 49, 53, 57 кг салмак категорияларында беттештер өттү. Кыргызстандын сурдо таэквондо боюнча кыз-келиндер курама командасы төрт медаль (3 күмүш, 1 коло) жеңди.

46 кг
1-орун Ким Даен (Корея);
2-орун Асылхан Турдукулова (Кыргызстан);
3-орун Жанат Жалгас (Казакстан);
3-орун Асал Мансур (Өзбекстан).

47 кг
1-орун Шахноза Хаиткулова (Өзбекстан);
2-орун Аида Макатова (Казакстан).

49 кг
1-орун Марзие Кхошахвал (Иран);
2-орун Гульжан Жаналиева (Кыргызстан);
3-орун Виктория Протопопова (Казакстан);
3-орун Дилбар Тожибоева (Өзбекстан).

53 кг
1-орун Мохадесе Гхолами (Иран);
2-орун Шахида Амирова (Кыргызстан);
3-орун Гулемжан кызы Шахризада (Өзбекстан).

57 кг
1-орун Фатимезохра Золейкани ( Иран);
2-орун Айжомол Абдыкатова (Казакстан);
3-орун Аюн Джеон (Корея);
3-орун Бермет Марсбекова (Кыргызстан).

Пикир

Оставить комментарий