• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Манчестерде терактка шектүү онунчу адам кармалды

Дүйнө 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. Британия полициясы Манчестердеги терактка шектүү онунчу адамды кармашты. Бул тууралуу укук коргоочулар билдиришти.

“Тергөөнүн алкагында он адам кармалып,1 эркек жана 1 аял айып коюлбастан бошотулган. Ошентип, 8 адам камакта калды”, - деп билдирет Манчестер полициясы.

Эскерте кетсек, теракт 22-майда “Манчестер Арена” комплексинде америкалык ырчы Ариана Гранденин концерти учурунда болгон. жардырууну жанкечти Салман Абеди жасаган. Акыркы маалыматтар боюнча, 22 адам курман болгон. Анын ичинде 12 бала бар. 75 адам ооруканада болсо, 23үнүн абалы оор. Дагы бир нечеси дайынсыз жоголгон. Терактка жоопкерчиликти Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган ИМ террористтик тобу алды.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий