• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пентагон Жакынкы Чыгышка 100 миңден ашуун аскер жөнөтүүнү пландоодо

Дүйнө 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. АКШнын Коргоо министрлиги эгер Иран “өзөктүк куралдарды чыгарууну тездетсе”, Жакынкы Чыгышка 120 миң аскер кызматкерин жөнөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу The New York Times гезити Ак үйдөгү өз булактарына шилтеме берүү менен маалымдады.

Билдирүүдө тиешелүү планды АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шэнахэн жарыялаганы айтылат. Жакынкы Чыгышта аскер контингентин көбөйтүүнү демилгелегендердин бири – АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон.

Гезит кургактагы операциялар тууралуу сөз жок экенин белгилеген. Эгер мындай чечим кабыл алынса, көбүрөөк аскер кызматкерлери талап кылынат.

Пикир

Оставить комментарий