• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Марат Канулькулов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.06.19. /Кабар/. Марат Канулькулов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Кечээ, 21-июнь күнү Марат Канулькулов Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырылган.

Маалымдама: Канулькулов Марат Эдильевич 1975-жылы 26-майда Фрунзе шаарында туулган.

1996-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектебин «Укук таануу» адистиги, юрист квалификациясы боюнча аяктаган.

2002-жылы жактоочулук ишмердүүлүк менен алектенүү укугун алган.

Пикир

Оставить комментарий