• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Марат Тагаев Сочи шаарында КМШ жана ЕАЭБдин жаштар форумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 10.06.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Сочи шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги жана Евразия экономикалык биримдигинин жаштар форумуна катышты.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 2023-жылы Евразия экономикалык биримдигинде Россия Федерациясынын төрагалыгынын алкагында өттү.

Ачылыш аземге эл аралык делегациялардын башчылары, тактап айтканда, Жаштар иштери боюнча Федералдык агенттиктин (Росмолодежь) жетекчиси Ксения Разуваева, Беларустун билим берүү министринин биринчи орун басары Александр Баханович, Армениянын билим берүү, илим, маданият жана спорт министринин орун басары Артур Мартиросян, Өзбекстандын Жаштар иштери боюнча агенттигинин директору Алишер Саъдуллаев, Азербайжандын жаштар жана спорт министринин орун басары Индира Гаджиева катышты.

Форум КМШнын жана ЕАЭБдин жаш ишкерлерин жана кесипкөй жаштарын евразиялык интеграция процессине кеңири тартууга жана аны жайылтууга, жаш муундун өкүлдөрүнүн өз алдынча ишке ашыруусу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Форумга Кыргыз Республикасынан 11 жаш ишкер, жаш мамлекеттик кызматкерлер жана активист - студенттер катышты.

Белгилей кетсек, КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштар форуму 7-9-июнда 7 өлкөдөн 150 жаш делегаттын катышуусунда өтүп, ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Куба өлкөлөрүнөн келгендер катарды толуктады.

Белгилей кетсек, КМШ жана ЕАЭБдин биринчи жаштар форуму 2022-жылдын 25-26 -августунда Кыргызстанда, тактап айтканда, Чолпон-Ата шаарында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий