• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте милиция кызматкерлери 55 млн сомдук контрабандалык тамекини аныктады

Коом 0

Бишкек, 10.06.23. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери 55 млн сомдук контрабандалык тамекилерди аныкташты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын жүрүшүндө ИИМдин ыкчам иликтөө башкы башкармалыгынын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ю.Фучик көчөсүндө жайгашкан кампаларда контрабандалык товарлар - акциздик маркасы жок ар кандай түрдөгү тамекилер сакталып турганы аныкташкан. Товарлар борбор калаанын ар кайсы бөлүктөрүнө, анын ичинде "Берекет" соода борборуна сатуу үчүн ташылган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)") фактысынын негизинде кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында борбор калаада кылмышка шектүүлөрдү кармоо жана буюм далилдерди табуу боюнча ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, 55 млн сомдук акциздик маркасы жок 550 миң тамеки салынган миңден ашык кутучалар табылып, алынган.

Азыркы учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий