• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маратбек Акимбеков «ОшТВ» телеканалын жетектейт

Кадр саясаты 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Маратбек Акимбеков «ОшТВ» телерадиокомпаниясына директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилиги кол койгон. Аталган маалыматты «Кабар» агенттигине Акимбеков өзү тастыктады.

Акимбековдун айтуусуна караганда, бүгүн аны телеканалдын жалпы жамаатына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Оштогу өкүлчүлүгү тааныштырган.

Маратбек Акимбеков 30 жашта. ОшМУнун Кыргыз филология жана журналистика факультетин аяктаган. Эмгек жолун «ОшТВ» телеканалында катардагы кабарчы болуп баштаган. Ошондой эле «7-канал», «Ош Пирим», «Ынтымак», ТМG телеканалдарында эмгектенген. Акыркы жолу «Азаттык» үналгысынын Оштогу кабарчысы болуп иштеп жүргөн.

Белгилей кетсек, «ОшТВ» телеканалын буга чейин Керимбек Калыкулов жетектеп келген.

Пикир

Оставить комментарий