• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мариинск театрынын өкүлү КР артисттеринин жөндөмүн жогору баалады

Маданият 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Мариинск театрынын (Россия Федерациясы) хореограф-коючусу Дмитрий Пимонов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында А.Малдыбаева кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чыгармачыл жамааты ата мекендик балетти дүйнөлүк деңгээлге көтөрө аларын белгиледи.

Анын айтымында, театрдын артисттери менен солисттеринин физикалык мүмкүнчүлүгү жана жөндөмдүүлүгү абдан чоң.

"Жалпысынан мени театрдын курамы гана эмес, Кыргызстандын заманбап, классикалык жана академиялык искусствосунан алдыга чыгууга татыктуу болгон академиялык театрдын өзү да таң калтырды", - деди ал.

Мындан тышкары, балетмейстер "Генезис" ("Дүйнөнүн жаралышы") балетинин коюлушу чыгармачылык чоң кызыгууну жаратып жатканын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө алардын режиссеру Алмаз Истамбаевдин аркасында чыгармачылык өсүү баскычында турган группа менен иштөө абдан кызыктуу болду", - дейт Пимонов.

Пикир

Оставить комментарий