• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Марипов банк тармагынын өкүлдөрү менен банк тутумун санариптештирүү маселесин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов банк тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, алдыдагы банк тутумун санариптештирүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Мындай форматтагы жолугушуулар жакшы салтка айланды. Мындан мурда бизнес-коомчулук, IT-тармактын, курулуш жана тигүү тармактарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп, анда көйгөйлүү маселелер козголуп, учурда алар боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Бүгүнкү жолугушуубуз да жемиштүү жана конструктивдүү мүнөзгө ээ болот деп ишенем», - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр белгилегендей, ар кыл мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан корнавирустук инфекциянын жайылышына каршы туруу максатында кабыл алынган катаал чектөө чаралары дүйнөдөгү, анын катарында Кыргыз Республикасындагы экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келди.

«COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жоюу, каржы жана банк тутумунун туруктуулугун сактоо боюнча күч-аракеттерибизди бириктирүүбүз керек. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын ишке ашыруу алкагында, калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында банк тутумун санариптештирүү боюнча олуттуу реформаларды жүргүзүү зарыл»,- деди Улукбек Марипов.

Банк тутумунун өкүлдөрү банк тутумун санариптештирүү боюнча мамлекеттик органдар менен иш алып барууда негизги тоскоолдук катары бюрократиялык создуктурууларды, ошондой эле бирдиктүү өз-ара аракеттешүүчү мамлекеттик органдын жоктугун белгилешти, ошондой эле «Түндүк» Мамлекеттик ишканасынын ишине карата сын-пикирилерин билдиришти.

«Банк тутумун санариптештирүү алкагында биз 10 ашуун мамлекеттик органдар менен кызматташабыз, бирок иш-аракеттердин ырааттуулугунун жоктугунан тигил, же бул маалымдамаларды алуу процесси созуктурулуп, айрым ыңгайсыздыктарды жаратууда. Банк институттары жана мамлекеттик аппарат ортосундагы байланыштыруучу маалыматтык звено катары саналган бирдиктүү органды түзүү сунушталууда»,- деди «Кыргызстандын банктар союзунун» президенти Анвар Абдраев.

Премьер-министр аталган маселе каралып жаткандыгын белгиледи жана жакынкы арада Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын ыйгарым укуктары күчтөндүрүлөрүн кошумчалады, анда электрондук өз-ара аракеттешүүнүн бардык тутуму, анын ичинде «Түндүк» автоматташтырылган тутуму топтоштурулат, тутум ишине карата мамиле толугу менен каралып чыгып, долбоорлорду ишке ашыруу процесси жогорку деңгээлге чыгарылат.

Банк тутумун санариптештирүү алкагында Кыргыз Республикасында эмгек мамилелери тутумуна электрондук эмгек китепчелерин киргизүү боюнча сунуштар киргизилген, бул кызматкерлер үчүн алардын эмгек жолу жөнүндө маалыматты алууну ыңгайлаштырып, жумуш берүүчүлөр үчүн кадрдык эсепке алуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартында өлкөдө банк жана төлөм тутумунун коопсуздугун жана туруктуулугун, макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча чаралар, ар-кыл категориядагы кызматкерлердин аралыктан эмгектенүүсүн ыкчам жөнгө салууну экспертизалоо жана талдоого алуу, ошондой эле банк секторунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланды.

Аталган маселелерди талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга банк секторунун өкүлдөрү менен биргеликте электрондук эмгек китепчелерин ишке киргизүү концепциясын иштеп чыгууну жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүнү, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартында аралыктан эмгектенүүнү жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна ыкчам тартипте жөнөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий