• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Маркум Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгындагы айдоочу камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. “Дүйнө сулуусу-2018” наамынын ээси Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгындагы айдоочу Чыңгыз Кондурбаев камакка алынды. Бул тууралуу маркумдун ата-энесинин жактоочусу Рустам Абдурауфов “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бүгүн сот Чынңыз Кондурбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү (камакка алуу) боюнча өтүнүчтү канааттандырган.

Эске салсак, Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгы 2-июнда Ысык-Көлдө болгон. Таксинин айдоочусу батышты көздөй бара жатып, башкаруусун жоготуп, тосмону сүзгөн. Унаада эки адам болгон. Сания Шакирова алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон, жүргүнчү жана айдоочу жаракат алышкан. Көп өтпөй рулда отурган адам Сания Шакированын болочоктогу жолдошу 31 жаштагы Ч.К. экендиги белгилүү болгон. Ал мас абалында болгондугу айтылган.

Пикир

Оставить комментарий