• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Март айында кошумча төлөмдөрдү албаган медкызматкерлерге жакын арада акча каражаты төлөнөт - Исмаилов

Коом 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Март айында кошумча төлөмдөрдү албаган медкызматкерлерге жакын арада акча каражаты төлөнөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери тарабынан коронавирус тараган аймактарда иштеген медкызматкерлердин айлыгына кошумча акча каражаты түшпөгөндүгүн билдирип, кайрылышкан.

"Саламаттык сактоо министрлигинин алдында депозиттик эсеп ачылган. Ал эсепке түшкөн каражатты бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына депутат, президенттик аппараттын өкүлдөрү, өкмөттүн аппаратынан, бейөкмөт уюмдарынан жана маморгандары кирген. Комиссия депозиттик эсепке түшкөн каражатты коронавирус тараган аймактарда иштеген медкызматкерлерге кошумча төлөм төлөөгө жиберүү боюнча чечим чыгарган. Анда март айы боюнча 38,5 млн сом бөлүнгөн", - дейт ал.

Исмаилова белгилегендей, аталган каражат медкызматкерлердин жеке эсебине которулган.

"Ал эми март айында медкызматкерлер кошумча төлөмдөрдү техникалык себептерден улам албай калган. Бул боюнча иликтөө болуп, анын себеби аныкталган. Жакын арада кошумча төлөмдөр берилет. Бүгүнкү күндө март айында кошумча төлөмдөрдү 6 миң 65 кызматкерге жалпы суммада 35 млн 200 миң сом төлөнгөн", - деди ал.

Исмаилова кошумчалагандай, учурда апрель айында медкызматкерлерге жалпы суммасы 104 млн 500 миң сом кошумча төлөм жүргүзүү үчүн 233 саламаттык сактоо уюмунан билдирүү келип түшкөн.

"7-майга карата Саламаттык сактоо министрлиги жалпы суммасы 37,5 млн сомго 87 уюмду каржылаган. Ал эми 146 уюмга 10-майга чейин каражат бөлүнөт. Башкача айтканда, 10-майга чейин бардык саламаттык сактоо уюмдары коронавирус тараган аймактарда иштеген медкызматкерлерге кошумча төлөм жүргүзүү үчүн өздөрүнүн депозиттик эсептерине акча которулат. Белгилей кетсем, медкызматкерлердин айлык акысы өз убагында төлөнүп берилүүдө", - деп билдирди Исмаилова.

Пикир

Оставить комментарий