• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мартта КР инспекторлору ЕАЭБдеги кесиптештери менен бирге Кытайдын ишканаларын текшерүүгө барышат - Калысбек Жумаканов

Коом 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Евразиялык экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ветеринардык инспекторлору Кытайдын эт өндүрүшү ишканаларын текшеришет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын 1-январынан тартып КЭРдан эт азыктарын киргизүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу 2016-жылдын 15-декабрында токтом чыккан.

“Негизинен канаттуулардын этине тыюу салынды. Бул Кыргызстандын ЕАЭБге киришине байланыштуу болду. Биз Биримдиктин мүчөсү катары эт алып жаткан ишканага текшерүү жүргүзөбүз. Мартта биздин инспекторлор ЕАЭБдеги кесиптештери менен бирге Кытайдын ишканаларын текшерүү үчүн барышат”,-деди ал.

Ошондой эле, К.Жумаканов сертификациядан өткөн гана ишканалардын эттери чек арадан өткөрүлөрүн маалымдады.

“Азыр Кытайда канаттуулар тумоосу жүрүүдө. Бул оору катталган аймактардан эт алып келүүгө тыюу салынган”,- деп кошумчалады ведомство башчысы.

Пикир

Оставить комментарий