• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мас айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт. Кыргызстанда "Рулда" рейди башталды

Коом 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында “Рулда” аталышында рейддик иш-чара башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд 13нөн 19-июнга чейин уланат. Анын башкы максаты - жайкы туристтик мезгил учурунда коомдук коопсуздукту сактоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана аны болтурбоо болуп саналат.

Рейд учурунда айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, айрыкча ылдамдыкты ашыкча ашырып айдаган айдоочуларга жана мас абалында унаа каражаттарын башкаргандарга каттуу чаралар көрүлөт.

ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий