• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маурицио Сарри: Роналду "Аталанта" командасына каршы оюнга катышпайт

Спорт 0

Бишкек, 23.11.19. /Кабар/. "Ювентус" клубунун машыктыруучусу Маурицио Сарри Криштиану Роналду Италия биринчилигинин 13-турундагы "Аталанта" командасы менен боло турчу беттешке катышпаарын билдирди. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

"Ювентус" клубунун машыктыруучусунун айтымында, Роналду улуттук курамдан келгенден кийин эс ала электигин айтат.

"Роналду 99%га ойнобойт. Ал улуттук курамдан келгенде мага алгачкы оюнда өзүн жакшы сезип, бирок экинчи беттеште денеси ооруганын билдирген. Ошондой эле бул жерде психологиялык абалды да эске алуу маанилүү. Башкы максат Чемпиондор лигасын жеңүү болгондуктан биз Роналдуга эс алуу убактысын беришибиз керек", - дейт Сарри.

Эскерте кетсек, оюн бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө өтөт. Анда "Аталанта" клубу өз талаасында "Ювентус" командасын кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий