• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

МЧК: Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү

Коом 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2020-жылдын 29-октябрында саат 20.00дөн баштап Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын тарамдары бардык мамлекеттик чек ара периметринде күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү маалымдайт.

Маалыматк ылайык, Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен ар бири үчүн кызыкчылык туудурган маалымат алмашуу маселелери боюнча өз ара аракетти жана мамлекеттик чек араны биргелешип кайтаруу иш-чараларын күчөтөт.

Учурда ведомствонун жетекчилиги республиканын бардык аймагы боюнча ыкчам-талаа иш сапарына чыгып, КР МЧКнын өздүк курамына 2021-жылга карата мамлекеттик чек араны кайтаруу жана аны уюштуруу тапшырмаларын жеткирүүдө.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында учурда кырдаал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий