• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МЧКнын кампасынан курал уурдоо боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлдү – БП

Укук тартиби 0

Бишкек, 28-апрель /Кабар/. Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) кампасынан курал уурдоо боюнча иш сотко ашырылды. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы 27-апрелде КРнын Аскер прокуратурасы тарабынан МЧКнын аскер бөлүмдөрүнүн биринде сакталган ок атуучу курал, ок-дарыларды жана башка материалдык-техникалык каражаттарды уурдоо жана мыйзамсыз ишке ашыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши иликтенип, Бишкек шаардык 1-Май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Тергөөдө 2014-2016-жылдар аралыгында адамдардын тобу алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча КР МЧКнын аскер бөлүмүнүн биринен ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана башка материалдык-техникалык каражаттарды жашыруун уурдап жүрүшкөнү аныкталды. Ири өлчөмдөгү уурдалган каражаттар кийин башка жактар тарабынан ишке ашырылып келген.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, КРнын Кылмыш кодексинин 245 (ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды уурдоо), 241 (ок атуучу куралдарга мыйзамсыз ээлик кылуу, сатуу, берүү, сактоо, алып жүрүү), 242 (колго жасалган жарылуучу заттарды заттарды мыйзамсыз даярдоо), 246 (баңги заттарга мыйзамсыз ээлик кылуу жана сактоо), 171 (ишенип берилген мүлктү өздөштүрүү жана чыгымдоо, 350 (жасалма документ даярдоо) жана 339-беренелерде (кылмышты жаап-жашыруу) каралган кылмыш белгиси боюнча 13 адамга айып тагылды. Аталган кылмыш иши боюнча, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн азыркы жана мурдагы аскер кызматкерлери, Ички иштер органдарынын кызматкерлери, ошондой эле жарандык жактар айыпталууда.

Кылмыш ишин иликтөө бүтүп, сотко жөнөтүлдү, муну менен бирге аскер бөлүмүнөн куралды уурдатууга жол берген МЧКнын кызмат адамдарына карата тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий