• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан биометриялык электрондук паспортторго өтүп жатат

Президент 0


Бишкек, 28-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-апрелде Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана өз Аппарат жетекчиси Сапар Исаков менен өлкөдө биометриялык электрондук паспортторду киргизүү ишинин башталашы тууралу талкуулады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын жаранынын электрондук биометриялык паспорту жаңы типтеги идентификациялык документ болуп саналат жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Бул Эл аралык жарандык авиациянын талаптарына төп келген жана жасалмалуулуктан сактай турган Борбор Азия регионунда биринчи электрондук паспорт болуп калды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда биометриялык электрондук паспортторду киргизүү электрондук өкмөттү түзүүнүн жана Президент демилгелеген «Таза Коом» долбоору өлкөнүн санариптик келечекке кадам ташташынын негизи шарты болуп саналарын белгиледи. Биометриялык паспорттун жардамы менен жарандардын кагаз маалымдамаларсыз калкты сапаттуу электрондук тейлөөгө, бардык мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөлөргө кеӊири жол ачылат.

Премьер-министр Кыргызстан жарандары биометриялык паспортторду 2017-жылы 1-майдан тарта 31-декабрга чейин акысыз ала алышарын кабарлады. «Жаңы үлгүдөгү паспортту алуу убактысы эки эсеге кыскарып, арыз бергенден тарта 14 күн ичинде алууга болот», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын биометриялык электрондук паспортторго өтүүсүнүн башталышы – өлкөдө санарипке негизделген коомду түзүү ишинде зор мааниси бар даӊазалуу окуя болуп саналарын белгиледи. Бул иш өлкөдөгү бардык процесстердин ачыктыгын камсыздоо, коррупция менен күрөшүү, таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү, коопсуздукту камсыздоо иштеринде сапаттуу натыйжаларга жетишүүгө өбөлгө болот.

Маалымат иретинде: электрондук түрдөгү паспортто камтылган: анын ээсинин үй-бүлөлүк абалы, турган жеринин дареги, улуту, жынысы, жарандыгы, туулган жери, санариптик сүрөтү, эки колунун бармактарынын папиллярдык чийиндеринин графикалык курулушу, өз колу, электрондук-санариптик колунун ачкычы тууралу бардык маалыматтар кызмат көрсөткөн кайсы гана мамлекеттик жана мамлекеттик эмес орган тарабынан контакттуу жана контактсыз түрдө таанылат, анын ичинде банктар, нотариаттар, медициналык жана билим берүү мекемелери, бизнес түзүмдөр бар. Биометриялык паспортто жаран жөнүндө 19 маалымат камтылып, электрондук форматта болгондуктан, паспорттун жарактуу мезгилинде маалыматтар өзгөрсө да, аны алмаштырбай пайдаланууга көмөкчү болот. Өзгөргөн маалыматтар автоматтык түрдө жаңылана берет. Идентификациялык карта анын ээсинин каалоосу боюнча көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Брайл шрифти менен тактилдик текстте болушу мүмкүн.

Биометриялык паспортторду киргизүүгө зарыл болгон КР Өкмөтүнүн бардык токтомдоруна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий