• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Медикаменттерди маркалоо, бир катар дары-дармектерге салык жеңилдиктерин алып салуу талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова кошумча нарк салыгынан бошотулган дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесин кыскартуу жана дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды маркалоонун көзөмөлдөнүшүн киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жылдыз Бакашова аталган маселенин актуалдуулугун белгилеп, бир жумалык мөөнөттө КНС бошотулган дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесинен айрым позицияларды алып салууну караган министрлер кабинетинин чечиминин тийиштүү долбоорун киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары маркировканы пайдалануу менен өндүрүүчүдөн акыркы колдонуучуга чейин дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын иштеп чыгууну тездетүүнүн жана өлкөдө этап-этабы менен аны ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын катышуусунда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүүнү жана тез арада бул долбоорду ишке ашыруу концепциясын иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин ишин санариптештирүүнү жылдын аягына чейин жыйынтыктоо тапшырылды.

Белгилесек, жогорудагы система үч этаптан турат. Биринчи этаптын алкагында дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча ченемдик-маалымдама маалыматтардын бирдиктүү тутуму иштелип чыкты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын электрондук мамлекеттик сатып алуулардын расмий веб-порталы менен интеграцияланды. Экинчи этап Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин ишмердүүлүгүндөгү бардык процесстерди жана процедураларды санариптик трансформациялоону камтыйт, ал эми үчүнчүсү - дары-дармектердин таңгактарын маркалоону жана идентификациялоону колдонуу менен дары-дармектердин кыймылын көзөмөлдөө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий