• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эми ПЧР анализдин жыйынтыгын онлайн режиминде e-med ресурсунан алууга болот

COVID - 19 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандардын ыңгайлуулугун жана медициналык маалыматтарды алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди ишке ашыруу боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эми жарандар ПЧР анализинин жыйынтыктарын онлайн форматында электрондук саламаттыкты сактоо булагы https://vc.emed.gov.kg/ аркылуу ала алышат.

"ПЧР" кошумча баракчасына колдонуучу өзүнүн маалыматтарын (өзүнүн ПИН-кодун жана паспорттук маалыматтарын) киргизүү менен акыркы ПЧР анализинин натыйжаларын алат. Тесттин жыйынтыгын билүү үчүн сизге чалып же эч жакка баруунун кажети жок" , - деп айтылат маалыматта.

Зарылчылыкка жараша ПЧР анализдеринин натыйжаларын алуу кызматы жакшыртылат. Кызмат тест режиминде ишке киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий