• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Манас» аэропортунун биринчи жарым жылдыктагы кирешеси 1,6 млрд сомдон ашты

Коом 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын 2021-жылдын 6 айындагы финансылык көрсөткүчү компаниянын тарыхындагы эң ийгиликтүү эсептелген 2019-жылкы көрсөткүчтү ашып түштү. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Президент Садыр Жапаров учуулардын географиясын кеңейтип, каттамдардын санын көбөйтүп, аны менен билеттердин баасын төмөндөтүү жана компаниянын кирешелүүлүгүн арттыруу тапшырмасын койгон.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында 1 млрд 657 млн 936 миң сом өлчөмүндө киреше тапты. Бул аэропорттун тарыхында ийгиликтүү деп эсептелген 2019-жылдын жыйынтыгынан 606 млн 609 миң сомго көптүк кылат»,-деп айтылат маалыматта.

2019-жылы 6 ай ичиндеги киреше 2 млрд 384 млн 630 миң сомду, 2020-жылы - 1 млрд 720 млн 332 миң, ал эми бул жылы - 3 млрд 191 млн 666 миң сомду түздү.

Жалпы киреше 3 млрд 191 млн 666 миң сомду, анын ичинде авиациялык ишмердүүлүктөн киреше 2 млрд 881 млн 295 миң сомго жетип, 2019-жылга салыштырмалуу киреше жалпысынан 34% көбөйгөн.

«Биз каттамдардын санын көбөйтүп тим болбостон, буга чейин Кыргызстанга учпаган жаңы авиакомпанияларды тарттык. Буга чейин авиаташуу жүргүзүлбөгөн жаңы өлкөлөргө жана шаарларга каттамдар ачыла баштады», -деди «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев.

Ошондой эле Орусия багыты боюнча, бүгүнкү күндө бардык, анын ичинде миллиондогон эл жашаган чоң шаарлар - Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Пермь, Калуга, Оренбург, Самара, Казань, Нижний-Новгород, Кемерово, Минеральные воды, Тюмень жана башка шаарларга аба каттамдар аткарылууда.

Түркстанга (Казакстан) жаңы каттам ачылса, Шарджа, Кувейт жана Мешхедге (Иран) көптөн берки тыныгуудан кийин кайтадан учуулар жанданды.

Жаңы авиакомпаниялар «Северный ветер» жана «Россия» «МЭА» ААК менен кызматташып, Орусиянын чоң шаарларына түз каттамдарды камсыздашууда, ошондой эле казакстандык лоукостер «ФлайАрыстан» да жаңы компаниялардын санын толуктады.

Ошондой эле компания республика ичинде авиакаттамдардын санын көбөйттү. «Баткен» жана «Исфана» аэропортторуна жумасына 3 ирет каттамдар жүргүзүлүүдө, ошону менен жүргүнчүлөр өлкөнүн алыскы аймактарынан борборго 1 саатта жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Пикир

Оставить комментарий