• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

MegaСom`ду сатуу. Компаниянын акцияларын баалоочу изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) "Альфа-Телеком" (MEGA соода маркасы, мурдагы MegaCom) ЖАКтын мамлекеттик акцияларынын толук пакетине баалоочу табуу боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү кызматтарды сатып алууга арыз Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында жайгаштырылды.

Тендердин жалпы баасы 7,8 млн сомду түзөт. Сынакты жеңип алган компания келишимге кол коюлгандан кийин 45 күндүн аралыгында MEGA компаниясынын базар баасын аныктап, ошондой эле рыноктук анализди жана негизги көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу боюнча болжолду берүүгө милдеттүү.

Эскерте кетсек, ноябрда ММБФ төрагасы Мирлан Бакиров "Альфа-Телеком" ЖАК 2021-жылы эле менчиктештирүү программасына киргенин айтып, компания буга чейин бир нече жолу сатыкка коюлганын, бирок аны сатып алууга эч ким макул болбогонун билдирген.

Пикир

Оставить комментарий