• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мексикада сөзүнө турбаган аткаминерди унаага байлап алып сүйрөштү. Видео

Дүйнө 0


Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Мексиканын Лас-Маргаритас шаарынын мэри Хорхе Эскандонду жергиликтүү тургундар унаага байлап бир катар көчөлөрдү бойлой сүйрөдү. Бул тууралуу Heraldodemexico басылмасы билдирет.

Маалыматка ылайык, аткаминер шаар тургундарга жол куруп берем деп убада берип, аны аткарган эмес. Нааразы болгон эл Эскандонду жип менен унаага байлап сүйрөшкөн. Тургундардын мындай кылыгы полиция кызматы унааны токтоткондо бүткөн.

Окуянын тасмасы Twitter соцтармагында жарыяланган. Тасмадан унаага байланган адамдын артынан эл чуркап баратканын көрүүгө болот.

ЖМКлардын маалыматында, Эскандондун өмүрү коркунучта эмес. Окуяга байланыштуу 30 адам кармалган.

Пикир

Оставить комментарий