• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мексикада жер титирөөдөн каза болгондордун саны 286га жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. Мексикада жер титирөөдөн каза болгондордун саны 286 адамга жетти. Бул тууралуу улуттук авариялык-куткаруу кызматынын башчысы Луис Фелипе Пуэнте билдирди.

Мурдараак 273 адам каза болгондугу тууралуу маалымдалган болчу.

“Мехико шаарында – 148, Морелоседе – 73, Мехико штатында – 13, Герреродо – 6, Оахакеде – 1, бардыгы болуп 286”,-деп жазат Пуэнте өзүнүн твиттер баракчасына.

Эске салсак, Мексикада 19-сентябрда күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө болгон аймактарда 20 миллиондон ашуун калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий