• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектеп жана бала бакчага электрондук каттоо. Колдонуучулардын көптүгүнөн улам сайтта мүчүлүштүк болгон

Билим 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында мектеп жана бала бакчаларга электрондук каттоого турууну каалоочулардын көптүгүнөн улам техникалык мүчүлүштүк болгон, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, техникалык мүчүлүштүк күн аралыгында адистер тарабынан оңдолот.

“Бирок, система мезгил-мезгили менен сайтка киргендердин көптүгүнөн улам иштен чыгып калышы мүмкүн, анткени ал арызды толтуруу жана аны тастыктоо процессин жөнөкөйлөштүрүүчү жана автоматташтырган бир нече маалымат базасын интеграциялоо үчүн татаал архитектурага ээ”, - деп айтылат маалыматта.

Билим берүү министрлиги ата-энелерди түшүнүү менен кабыл алуусун суранат.

“Бары каттоодон өтө алышат деп ишендиребиз”, - деп белгилеген ведомстводон.

Эскерте кетсек, бүгүн, 11-апрелде КР Билим берүү жана илим министрлигинин сайты аркылуу мектеп жана бала бакчаларга электрондук каттоо башталган.

Пикир

Оставить комментарий