• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектептеги окуучулардын ысык тамагына 7-10 сом бөлүнөт

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мектептеги окуучулардын ар биринин ысык тамагына 7-10 сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева билдирди.

Адистин айтуусунда, ушул айда мектептерге ысык тамак берүү боюнча жаңы меню иштелип чыккан.

"Билим берүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте мектеп окуучуларына берилип жаткан ысык тамактын менюсун иштеп чыкты. Анда тамактарда канча грамм белок, витаминдер болушу керектиги каралган. Аны менен бирге мектептеги ашпозчулар окутулуп сертификаттарды алышкан. Мектептердеги шарттар: азык сактоочу жай, идиш-аяктардын тазалыгы каралып, жакшыртылган", - деп белгилеп өттү адис.

Мусаева учурда республика боюнча 65% мектептерде ысык тамак берилээрин айтат.

"Мектептин 1-2-3-4-классында окуган балдар үчүн алыскы аймакта жайгашкан мектептер үчүн ар бир балага 10 сом, калган бардык мектептерге 7 сомдон акча бөлүнөт. Ал эми Бишкекте мэрия тараптан ар бир балага 14 сом бөлүнөт. Буга чейин окуучуларга токоч менен чай гана берилсе, эми мектептерде ысык тамак берүүгө шарт түзүлө баштады", - дейт Мусаева.

Пикир

Оставить комментарий