• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Мен анын жубайы эмесмин”: Автоинспекторлордун иш-аракети боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Социалдык тармактарда тараган тасмадагы жол көзөмөл кызматкерлеринин иш-аракети боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

ИИМден билдиришкендей, бул окуя боюнча Руслан Харизов аттуу жаран социалдык тармактагы баракчасына автоинспекция кызматкерлери 2500 сом акча пара алып, андан сырткары эркек адам тарабынан сабалган аял кишиге жардам берүүгө аракет кылбагандарына күнөөлөгөн билдирүүнүн скриншоту тиркелген. Бир аз убакыт өткөн соң автор өзүнүн билдирүүсүн өчүрүп салган.

Башкармалыктын басма сөз кызматынын билдириши боюнча, сабалышы мүмкүн деп айтылган Камила аттуу кыз аларга келип окуяны түшүндүрүп берген.

“Аны эч ким сабаган эмес. Жарандык жолдошу менен уруша кетишип, унаанын ичинде отурушкан. Ал эми унааны башкарып отурган адам - жолдошунун досу. Биздин тескөөчүлөр токтоткон кезде аларга да муну айтышкан. Кыздын жарандык жолдошу ошол күнү түнкү клубда экөө уруша кеткендигин, күч колдонуу же ур-токмокко алуу болбогондугун жана милиционерлерге нааразычылыктары жоктугун билдирген”, - деп билдирет башкармалыктын басма сөз кызматы.

“Жогоруда айтылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт жана унаанын терезелери караңгылатылгандыктан, административдик протокол түзүлгөн, ”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул факты боюнча азыркы учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан аталган кызматкерлердин иш-аракеттери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Алардын жетекчилигине кол алдындагы кызматкерлердин кызматтык ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн текшерүүлөр жүрүп жатат. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет. Кызматтык иликтөө ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий