• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мен элдик президент болом деп убада бергем — Сооронбай Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Мен элдик президент болом деп убада бергем, - деди мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков.

Ал өз сөзүндө билдиргендей, мамлекет — түшүнүктөр менен эмес, мыйзам менен жашаш керек. Мамлекеттик органдар тигил же бул топтун кысымынын негизинде эмес, мыйзамдын чегинде иштейт.

"Бир күнүмдү да текке кетирбей, элим ишенген, Кудай буйруган президенттик милдетимди мамлекетти оңдоого, баса белгилеп айтам, оңдоого жумшайм. Мындан башка менин милдетим дагы, карызым дагы, жашоомдун маңызы да жок. Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам деп убада берген эмесмин. Мен элдик президент болом деп убада бергем", - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Эл арасынан чыктым, эл ичинде таза абийирим, ийгиликтерим менен калууну максат кылам, - деп кошумчалады ал.

"Апрель окуялары, июнь коогалаӊдуу күндөрүн өз башымдан өткөрдүм. Мамлекеттеги тынчтыктын, элдин ынтымагынын баасын, баркын абдан жакшы билем. Ошондуктан коомдун тынчтыгын бузуп, элди бөлүп-жарам дегендерге өлкө президенти катары жол бербейм", - деди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий