• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Евробиримдик брекситтин мөөнөтүн 31-октябрга чейин узартты

Дүйнө 0

Бишкек. 11.04.19 /Кабар/. Брюсселде Евробиримдик лидерлеринин чукул саммити өтүп, брекситтин мөөнөттү 31-октябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Reuters өз булактарына шилтеме кылып жазды.

Биримдикке кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү Британияга убакыт берүүнү сунушун колдошту.

Маалым болгондой, июнь айында Евробиримдиктин лидерлери дагы бир ирет жолугуп, бул маселе боюнча пикири алмашышат.

Эгер Евробиримдик брекситтин мөөнөттүн 31-октябрга чейин узартпаса, Британия 12-апрелден тарта уюмдан автоматтык түрдө чыкмак.

Буга чейин Евробиримдик брекситтин мөөнөтүн жылдырып, 12-апрелге чейин убакыт берилген болчу.

Пикир

Оставить комментарий