• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мэрдин м.а. Айбек Жунушалиев шаардыктарды жеке кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев ишемби күнү шаардыктарды жеке кабыл алды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын 17 тургуну мэрдин милдетин аткаруучунун кабыл алуусунда болду. “Негизинен суроолор менчиктештирүү, турак-жай бөлүү, чек араларды тактоо жана жер тилкелеринин ижарасын узартууга байланыштуу болду. Ошондой эле ал куруучулар штабынын өкүлдөрүн кабыл алды”,-деп айтылат мэриянын маалыматында.

Мэрия бишкектиктерди алдын ала каттоодон өтүүгө чакырат. Бул көтөрүлгөн маселени ыкчам чечүүнү жөндөйт.

Эскерте кетсек, Бишкектин жашоочуларынын ыңгайлуулугу үчүн жеке кабыл алуу ишемби күндөрү өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий