• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мэрия: Коомдук унаалардын айдоочулары санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн 370 миң сом айып төлөйт

Коом 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча иштерди улантууда.

Шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана автобус токтотуу ишканасынын адистери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери, КРнын Транспорт жана жол министрлигине караштуу транспорт инспекциясы менен биргеликте күн сайын коомдук транспорттун ичтерин текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Унаалардын ичинде санитайзерлер коюлуп, санитардык тазалык жана аралык сакталышы керек.

Чектөө киргизилгенден бери, 1-июндан тартып 2 миң 632 маршруттук унаа, автобус жана троллейбус текшерилди. Анын ичинен 217 унаага санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн 370 миң 500 сом айыппул салынды.

Протоколдор төмөнкү беренелер боюнча түзүлдү:

150-берене - Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу: айыппул 1000 сом;

293-берене - Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу: айыппул 13 миң сом;

134-берененин 2-бөлүгү - Каттамдык такси же шаар аралык же болбосо эл аралык ташуулар режиминде иштегендердин транспорт каражаттары менен ташылуучу адамдардын санына карата талаптарды айдоочунун бузуусу же ташуу келишими же болбосо каттамдын паспорту болбогондо: айыппул 3 миң сом;

134-берене 5-бөлүгү - Айдоочунун жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин ар бир смена сайын рейске чыгар алдындагы медициналык кароодон өтүү же рейске чыгар алдындагы транспорт каражаттарынын техникалык абалын контролдон өткөрүү бөлүгүндөгү эрежелерди бузуусу: айыппул 5 миң 500 сом.

Пикир

Оставить комментарий