• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2019-жылы Кыргызстанда 217 браконьерчилик фактысы аныкталган

Коом 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. 2019-жылы Кыргызстанда 217 браконьерчилик фактысы аныкталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Надырбек Козубаев билдирди.

Анын айтымында, браконьерчиликтен келтирилген чыгым 4 млн 673,6 миң сомду түзгөн.

"Алардын ичинен 179 иш боюнча 2 млн 299,1 миң сом өндүрүлгөн. Жаныбарлар дүйнөсү боюнча 3 млн 670,2 миң сомдук (147 иш) протокол түзүлсө, өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча 437,6 миң (32 иш) иш ачылган. Ар кандай мыйзам бузуулар боюнча 38 иш ачылып, анын суммасы 565,8 миң сомду түзгөн", - деди ал.

"2019-жылы жаратылыш мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 47 иш сот жана прокуратура органдарына өткөрүлүп берилген. Алардын жалпы суммасы 2 млн 718,2 миң сомду түзгөн. Анын ичинен 343,7 миң сом (9 иш боюнча) өндүрүлүп алынган. 2 млн 374,4 миң сомдук 38 иш сот жана прокуратура органдарынын кароосунда турат", - деди Козубаев.

Пикир

Оставить комментарий