• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мэрия: Мурас-Ордо конушундагы коомдук транспортко байланышкан маселе чечилет

Коом 0

Бишкек, 21.11.18 /Кабар/. Мурас-Ордо конушунун жашоочулары борбордун мэриясына конуштагы коомдук транспорт көйгөйүн чечип берүүсүн суранып кайрылышкан.

Вице-мэр Максим Ситников конуштун жашоочулары менен жолугушту. Ага №206 кичи автобустун маршрутунун ташуучу фирмасынын жетекчиси, шаардык транспорт башкармалыгынын жана автотранспорттук ишкананын жетекчилери катышты.

Транспорттук ишканалардын жетекчилерине микроавтобустук маршруттун бирдигин көбөйтүү тууралуу же №18 автобустук маршрутту узартуу тууралуу сунушту киргизүү тапшырылды.

Сунуштарды киргизгенден кийин жашоочулардын демилгечи тобу менен дагы бир жолугушуу өтөт.

Пикир

Оставить комментарий