• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мэрия сейил бактарды мыйзамсыз орнотулган батуттардан “тазалоодо”

Коом 0

Бишкек, 05.07.18. / Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы борбордогу парктарды мыйзамсыз орнотулган батуттардан “тазалоодо”. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жер колдонуу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурда өз эрки менен парктарда жана скверлерде батуттарды жана башка конструкцияларды орнотуу модага айланып кетти.

“Бул багытта биз регулярдуу түрдө рейддерди жүргүзүп жатабыз. Кайың, жаңгак токойлорун, Дайыр Асанов атындагы эмен багын (Жеңиш паркын) “тазалап” чыктык. Учурда “Ататүрк” сейил багын текшерип жатабыз. Жалпысынан 5 сейил бактан 16 батутту, 48 киоск жана жайманы алып салдык. “Ататүрк” сейил багында эле 50гө жакын мыйзамсыз орнотулган объектилер аныкталып, 80 пайызы түрттүрүлдү. Биз жергиликтүү ишкерлер менен сүйлөшүп, эгер ушундай бизнес менен алектенем десе уруксат алып, ижарага жер алуусун сунуштадык”, - деди ал.

Ал эми “Панфилов” сейил багы бардык ишкерлер менен 49 жылга келишим түзгөндүктөн, ал жакта баары мыйзамдуу түрдө орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий