• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милициянын подполковниги 1700 доллар пара алып жатканда кармалды

Коом 0

Бишкек, 14.02.19 /Кабар/. ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкери 1700 доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өзгөчө иштерди караган башкармалыктын тергөөчүсү, милициянын подполковниги Ж.Н. бүгүн, 14-февралда кармалды.

Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий