• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинети жылуулук жана ысык сууга орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү киргизди

Өкмөт 0

Бишкек, 25.11.23. /Кабар/. Энергетика тармагына өзүн-өзү актоо принциптерин киргизүү, ошондой эле энергетикалык ишканалардын финансылык көрсөткүчтөрүн жыл сайын жакшыртуу максатында КР министрлер кабинетинин чечими менен Орто мөөнөттүү, 2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясы жана ысык суу менен камсыздоо тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул тарифтик саясаттагы негизги өзгөртүүлөр:

Турмуштук эмес керектөөчүлөр үчүн:

– «Электр станциялары» ААКсынын «Бишкекжылуулуктармагы» жана Бишкек ЖЭБ филиалынын «Өнөр жай», «Башка керектөөчүлөр» жана «Бюджеттик керектөөчүлөр» топтору үчүн жылуулук энергиясына тарифтер жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлинде колдонулат;

–«Электр станциялары» ААКсынын «Бишкекжылуулуктармагы» жана Бишкек ЖЭБ филиалынын «Өнөр жай», «Башка керектөөчүлөр» жана «Бюджеттик керектөөчүлөр» топтору үчүн ысык сууга тарифтер жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлинде колдонулат.

Белгилей кетсек, бул өзгөртүүлөр калктын жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоо тарифтерине таасирин тийгизбейт.

Кошумчалай кетсек, өзгөртүүлөр «Электр энергетикасы жөнүндө» КР мыйзамынын 21-беренесин аткаруу максатында киргизилген, мында баалар жылуулукту же электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө жана бөлүштүрүүгө, анын ичинде өндүрүшкө жана техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды, капиталдык чыгымдардын ордун толтуруу, инвестицияларды тартуу жана пайыздык чендин кайтарымы сыяктуу толук чыгымдарды чагылдырууга тийиш.

Чечим Энергетика министрлиги тарабынан демилгеленген жана расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий