• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы: Бажы тармагын санариптештирүү иши күчөтүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 12.03.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында жумушчу көчмө жыйынын өткөрдү.

Отурумда Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүндөгү процесстерди санариптештирүү маселеси каралды. Анда министрлер кабинетинин төрагасы Бажы тармагын санариптештирүү иши күчөтүлөөрүн, өзгөчө Кыргыз Республикасынын коңшу мамлекеттер менен болгон Кытай Эл Республикасы, Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы ошондой эле Тажикстан Республикасынын ортосундагы көзөмөл-өткөрүү пунктарына көңүл бурулат.

“Азыр 21-кылым, заманбап технологиянын заманы. Экспорттолгон жана импорттолгон товарлардын бардык түрлөрү Бажы кызматынын толук көзөмөлүндө болсун. Биз азыр кытай тарап менен “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын үзгүлтүксүз иштешин жана алардын жүк өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жакында “Бедел” жаңы көзөмөл-өткөрүү пункту ачылат. Программалар оор, күч келди деп, токтоп калуу деген болбосун, кынтыксыз иштеп туруусу керек. Алдыңкы делген IT кызматкерлерин бажы тармагынын ишине тартыңыздар”, – деди Акылбек Жапаров.

Жыйында бажы тармагын санариптештирүүгө багытталган иштерди жогорулатуу үчүн Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте тыгыз иш алып баруу зарылдыгы айтылды. Анын бир себеби өлкөгө импорттоло турган бардык товарлар тууралуу маалыматтар алдын ала атайын системага киргизилет жана товарлардын кайрадан сатылышы базарларга коюлган көзөмөл-кассалык машиналары (ККМ) аркылуу көзөмөлдө болот.

Пикир

Оставить комментарий